
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.
Ведомствонун маалыматына ылайык, бүгүн, 20-апрелде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Жолдордун кооптуу тилкелеринин тизмеси:
- Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 70-86-чакырымдарында (Чон-Ашуу ашуусу);
- Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымында (Сөөк ашуусу).
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.