БашкыЖашоо

Садыр Жапаров Ысык-Көлдө өзгөчө шыктуу балдардын “Акылман” лицейин ачты

Кыргыз Республиканын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-августта, Чолпон-Ата шаарында өзгөчө шыктуу балдардын президенттик “Акылман” лицейин ачты.

Президенттик “Акылман” лицейи мамлекеттик адистештирилген жалпы билим берүү уюмунун формасына ээ. Ага кабыл алуу республиканын жалпы билим берүүчү мектептеринин алты классын аяктагандардын арасынан жүргүзүлөт.

Лицейде 400гө жакын окуучу билим алат деп болжолдонууда. Бул кыргыз-англис лицейи болот. Бардык аймактардан окуучуларды кабыл алуу жыл сайын өтүүчү сынактык тандоонун жыйынтыгы менен жүргүзүлөт.

Мугалимдер дагы сынактык негизде тандалып алынат. 2023/24-окуу жылына балдарды кабыл алуу аяктап, 75 окуучу кабыл алынды. Лицейде окуу, жатакана жана тамактануу акысыз, окуучулар үчүн да, окутуучулар үчүн да ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Чыгымдар мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат.

“Акылман” табият таануу, математика жана техникалык билим берүү багыттары боюнча таланттуу окуучуларды тереңдетип окутууну жана илимий жана чыгармачылык потенциалын ачууну, ошондой эле алардын кесиптик билимин өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө багытталган кесиптик даярдыгын камсыз кылат.

Салтанаттуу жагдайда мамлекет башчысы чогулгандарды президенттик “Акылман” лицейинин ачылышы менен куттуктап, анда өлкөнүн бардык аймактарынан сынактын жыйынтыгы менен тандалган шыктуу жана таланттуу балдар чогуларын белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстанда таланттуу балдар арбын экенин сыймыктануу менен белгиледи.

Ал “Кут бир келет — бакпасаң кетип калат, бак бир конот — үйлөсөң өчүп калат” деп айткан Жусуп Баласагындын сөздөрүн келтирип, президент дал ошондой шык, талант, жөндөмдү бага билип, ага астейдил мамиле кылуу зарылдыгын белгиледи. Бүгүнкү күндө таланты, жөндөмү менен айырмаланган балдардын өзгөчөлүгүн өркүндөтүү маселеси илимде дагы өтө актуалдуу болуп турган учур.

“Мына ошондуктан, өлкө аймагындагы мындай таланттуу балдарыбызга ар тараптуу колдоо көрсөтүү мамлекетибиздин негизги милдети, башкы саясаты катары саналат. Мамлекет камкордукка алып, атайын лицей уюштуруу менен мындай балдардын акыл-ой чабыттарын ачуу, өзгөчө ыкмаларды колдонуу аркылуу андан ары өркүндөтүү жалпы билим берүү тармагына эле эмес, өлкөбүздүн өнүгүшүнө, келечек муундун туура багытта тарбияланышына баа жеткис салым болот деп эсептеймин. Өлкөбүздүн булуң-бурчунда байкалбай жүргөн, катылып жаткан зээндүү балдарды таап, өзгөчө камкордукка алууну колго алсак, мамлекетибиздин жаркын келечеги камсыздалат десек да жарашат”, – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Source
Kabar

TuraNews

Back to top button