БашкыСаясат

Садыр Жапаров «Үрөн жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди

Президент Садыр Жапаров «Үрөн жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам КРнын 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө» КР президентинин Жарлыгын аткаруунун алкагында даярдалган, жана КР министрлер кабинети тарабынан КРнын аймагына үрөндөрдү алып келүүнүн тартибин белгилөө, ошондой эле редакциялык-тактоочу мүнөздөгү өзгөртүүлөр каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

TuraNews

Back to top button