Саясат
Садыр Жапаров иш сапары менен Ереван шаарына келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-ноябрда, Арменияга иш сапары менен келди.
Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мамлекет башчысынын учагы «Звартноц» эл аралык аэропортуна конду.
Президент Садыр Жапаровду Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян тосуп алды.
Аэропорттун флагштокторуна Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.
Эске салсак, мамлекет башчысы иш сапардын алкагында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.