БашкыЭкономика

Пиязды Кыргызстандан сыртка чыгарууга болгон убактылуу чектөө алынды

Кыргыз Репсубликасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартынын № 111 токтому менен 2023-жылдын 3-мартынан тартып пиязды Кыргыз Республикасынан аймагынан сыртка чыгарууга болгон убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Кыргызстанда пиязды сыртка экспорттоого 31-январдан тартып үч айга тыюу салынган. Мындай чара азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык жактан маанилүү товарлардын баасы жогорулап кетишине жол бербөө максатында көрүлгөнү белгиленген.

Бул маселе парламентте көтөрүлүп, айрым депутаттар тонналаган пияз кампаларда жатканын, тез арада сыртка чыгарууга уруксат берилбесе анын баары жараксыз болуп каларын эскерткен.

TuraNews

Back to top button