Жашоо

Парламентте TikTok социалдык тармагын чектөө сунушу айтылды

Жогорку Кеңештин 1-февралдагы жалпы жыйынында интернеттеги TikTok социалдык тармагын чектөөңү депутат Шайлообек Атазов сунуштап чыкты. Ал президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, өз сунушун TikTok жаштарга жана улуттук идеологияга терс таасир тийгизип жатат деп негиздеди:

“Маданият министрлигине тапшырма бериңиз, ушул багытта иш алып барсын. Кечинде үй-бүлө менен отуруп TikTok көрүү уят болууда. Мамлекеттин улуттук саясаты болуш керек да. Башка өлкөлөрдө, мисалы Казакстан, Өзбекстанда TikTok жок. Ушуга көңүл буруңуздар”, – деди.

Депутат Талайбек Масабиров TikTokту көзөмөлдөп, жаштарды спорт жана башка жакшы нерселерге үндөө зарыл экенин айтты.

Source
Azattyq.org

TuraNews

Back to top button