Спорт

Оштун “Алай” футболдук клубу Азия футбол конфедерациясынын оюндарына жолдомо алды

“Алай” клубу Азия футбол конфедерациясынын (АФК) оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-ноябрда Ош шаарынын А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионунда “Алай” менен “Алга” клубунун беттеши өттү. Жолугушуунун акыркы эсеби 1:0 эсебинде талаа ээлеринин пайдасына аяктады.

Бул жолугушууда жалгыз голду “Алай” футболдук клубунун жарым коргоочусу Бахтияр Дүйшөбеков киргизди. Эми “Алай” клубу 2023-жылкы АФК кубогунда Кыргызстандын намысын коргойт.

Source
Kabar.kg

TuraNews

Back to top button