Жашоо

Ошто өтө турган жаңы жылдык иш-чаралардын программасы

Ош шаарында 31-декабрда “Жаңы жыл – 2023” аттуу концерттик салтанат өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын программасы:

31-декабрда саат 12:00-13:00дө С.Бекмуратов атындагы №1балдар музыкалык мектеби жаңы жылдык концерттик программасын тартуулайт;

Саат 13:00-14:00дө П.И.Чайковский атындагы №2 искусство мектебинин концерти;

Саат 14:00-15:00дө “Келечек” балдар чыгармачылык борборунун концерти;

Саат 15:00-16:00дө Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын мугалимдери жаңы жылдык концерттик программасын тартуулайт;

Саат 16:00-17:00дө Ныязалы Борошев атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын концерти;

Саат 17:00-18:00дө Ош мамлекеттик университетинин Искусство факультетинин концерти;

Саат 18:00-19:00дө Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин концерти;

Саат 19:00-20:00дө Ош шаардык маданият башкармалыгы жаңы жылдык концерттик программасын тартуулайт;

Саат 20:00дөн тарта мэр Бакытбек Жетигенов баштаган жетекчилер элди жаңы жылы менен аянтта куттуктап, фейерверк менен коштолот. Андан соң жаштар үчүн ырлар жаңырып, дискотека уюштурулат.

Source
Kabar

TuraNews

Back to top button