
Кыргыз Республикасынын аймагынан пияздын бардык түрүн чек өлкөгө алып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 31-январдан тарта үч айга пиязды сыртка ташууга болбойт.
“Токтом өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык маанидеги азык-түлүк продукцияларынын бааларын турукташтыруу максатында кабыл алынды”, – деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан дагы пиязды экспорттоого тыюу салган.