Жашоо
Март айында кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алат

Кыргызстандыктар 2023-жылдын өндүрүш календарына ылайык март айында бир нече күн эс алышат.
Ошентип, 8-март – Аялдардын эл аралык күнү жумуш эмес күн болуп, 7-март майрам алдындагы күн кыскартылат.
Ошондой эле март айында жарандар 4 күн катары менен эс алышат: 18 жана 19-март – ишемби жана жекшемби, 20-март дем алыш күн болуп, ал үчүн кыргызстандыктар 29-апрель ишемби күнү иштейт; 21-март – Нооруз майрамы, бул күн да эс алуу күнү болот.
Бирок бул айда жарандар эки ишемби – 11 жана 25-мартта 5 жана 6-январдагы дем алыш күндөрүнүн ордуна иштешет.