БашкыМаданият

Маданият министрлиги инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясына багытталган брендбук (логотип) иштеп чыгууга сынак жарыялайт

Маданият министрлиги инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясына багытталган брендбук (логотип) иштеп чыгууга сынак жарыялайт.
Сынак Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында өтүүдө.
Сынакты өткөрүүнүн негизги максаты Жарлыкты ишке ашыруу максатында инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясын чагылдырган уникалдуу, кызыктуу брендбук түзүүгө багытталат.
Сынактын милдети:
– сынактын талаптарына жана шарттарына жооп берген мыкты чечимдерди тандоо, андан ары долбоорлоо үчүн сынактын жеңүүчүсүн жана байге ээсин аныктоо;
– руханий-адеп-ахлактык тарбиялоо, элдин салттуу баалуулуктарына, билимине жана тарбиясына, ошондой эле жалпы адамзаттык баалуулуктарга негизделген сунуштарды алуу;
– руханий-адеп-ахлактык жана маданий баалуулуктарын терең сиңирген, эне тилин негизги баалуулук катары сыйлаган, билимдүү, жоопкерчиликтүү, дени сак, мекенчил, татыктуу инсанды калыптандырууга багытталган альтернативалуу көз караштарды кароо.
Сынакка катышуунун шарттары
Брендбукту түзүү үчүн сынакка кесипкөй жана көз карандысыз скульпторлор, дизайнерлер, сүрөтчүлөр, тарыхчылар, жана искусство таануучулардын катышуусуна уруксат берилет. Сынакка орто жана жогорку окуу жайларынын студенттери катыша алат. Долбоордун катышуучусу бир автор болот.
Сынакка катышуучулардын жаш курагына чек жок. Ар бир катышуучу сынакка үчкө (3) чейин эмгекти тапшыра алат. Сынакка катышуучу өзүнүн эмгегин даярдоого жана аны тапшырууга байланыштуу бардык чыгымдарды өзүнө алат.
Сынактын мөөнөтү
Сынак бир этапта өткөрүлөт. Арызды берүүдө төлөм алынбайт.
Эсгектер 2023-жылдын 22-февраль күнү саат 16:00 гө чейин кабыл алынат.
Техникалык шарттары
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү курамдагы долбоорду тапшыруу керек:
– Тапшырылган иш CDR, AI, EPS, PDF форматта аткарылышы керек;
– кагаз түрүндө да кабыл алынат;
– визуалдык жактан оңой кабыл алынган образ жана эстетикалык жагымдуулук (түшүнүктүү контурлар, оймо-чиймелер, окулуучу сөздөр жана тамгалар (шрифттер);
– кыска жана жөнөкөй;
– сынактык иштерге коюлуучу талаптарды сактоо;
– логотип бардык форматтарда окула турган болушу керек;
– жалпы жана локалдуу перспективалык көрүнүштөр (керек учурда);
– автордун резюмеси (конверт ичинде 6 белги сандар менен);
– идеяны ачып берген жана негизги чечим тууралуу 2 барактан көп эмес сунушталган долбоордун идеясын баяндоо – түшүндүрмө бөлүгү (электрондук түдө).
Сынак материалдарын даярдоодо көркөм “фото” жана компьютердик графикаларды пайдаланууга болот.
Долбоордун идеясын толук ачып берүүдө кошумча материалдарды (3D-көрүнүшүн, фрагменттерди, фотографияларды) пайдалануу автордун өз эркинде.
Долбоорду иштеп чыгууда төмөндөгү шарттарды эске алуу зарыл:
– Руханий жактан бай жана адеп-ахлактуу инсанды калыптандыруу жана өнүктүрүү идеясын чагылдыруу;
– элдин салттуу баалуулуктарынын маанилүүлүгү жана башка маданий дөөлөттөрдүн эске алынышы;
– үй-бүлөлүк баалуулуктарды (ата-эненин мээримин жана камкордугун, ата-энеге жана үй-бүлө мүчөлөрүнө болгон сый-урматты, үй-бүлөлүк салттарды, боорукердикти) өз ара түшүнүшүүнү, ишенимди чагылдырышы керек.
Талапка ылайык сунушталган эң мыкты долбоор сынактын жеңүүчүсү катары таанылат жана байге катары 50 000 сом акчалай сыйлык берилет.
Эмгектер төмөндөгү дарекке жөнөтүлүшү керек. Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78, 210 кеңсе, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги.
Байланыш телефону: (0312) 62-13-31, Моб: 773601464, e-mail: a.seiizova@minculture.gov.kg

TuraNews

Back to top button