Экономика

Кытайлык инвесторлор Кыргызстанда сантехника чыгарган завод курууну пландоодо

Кытайдан келген инвесторлор Кыргызстанда санитардык-гигиеналык буюмдарды чыгаруучу завод курууну пландоодо. Бул тууралуу президентке караштуу Улуттук инвестициялык агенттигинин директорунун орун басары Нурадил Баясовдун кытайлык “ARROW” корпорациясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда маалым болду.

Жолугушуу КРнын Гуанчжоу шаарындагы башкы консулу Х.Эргешованын көмөгү менен өттү. Ал аталган компания менен бир жылдан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген.

Кытайлык инвесторлордун иш сапарынын максаты ЕАЭБ, Борбордук Азия жана Европанын рынокторун өнүктүрүү үчүн Кыргызстанда санитардык-техникалык буюмдарды чыгаруучу завод куруу мүмкүнчүлүгүн сүйлөшүү болуп саналат.

Кытай тараптан ARROW эл аралык кызматташтык департаментинин аймактык директору Женни Пенг катышты.

Source
Kabar.kg

TuraNews

Back to top button