
Кечээ, 30-июлда Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында эки ирет жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 30-июль күнү саат 16:20да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Сузак районунун Кызыл-Туу а/а Аркыт айылында жана Кара-Суу а/а Кызыл-Көл айылында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
“Ошол эле күнү саат 17:08де Ош облусунун аймагында дагы очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кара-Калжа районунун Сары-Булак айылында жана Көл тилкесинде 3 баллга чейин сезилген. Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок”, – деп айтылат маалыматта.