Башкы
Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү ыктымалы жогору

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү ыктымалы жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-январдан 5-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, “Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу” унаа жолунун 55-107- чакырымында, “Ала-Бука – Каныш-Кыя” унаа жолунун 68-10-чакырымында (Чапчыма ашуусу) “Красная-Горка – Акташ” унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.