
Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасы жөө күлүктөр Казакстандагы Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.
Спорттук иш-чара 10-12-февралда Астана шаарында өтөт.
Курама команданын тизмеси: Ангелина Тяпова – 60 метр аралыкка тоскоолдуктар менен чуркоо, Светлана Майер – секирүү, Айнуска Калил кызы – 1500 метр, 3000 метр аралыкка чуркоо, Тимур Исаков – секирүү, Мусулман Жоломанов –1500 метр, 3000 метр аралыкка чуркоо.
Спортчулар улук машыктыруучу Андрей Полубабкин менен барышат.