Дүйнө

Кыргызстандык куткаруучулар тобу Туркияга учуп кетишти

Kahramanmaraş merkezli 7,7 ve 7,6 büyüklüğündeki depremler nedeniyle Kırgızistan Cumhurbaşkanı Sadır Caparov'un talimatı üzerine Acil Durumlar ve Sağlık bakanlıklarına bağlı üçüncü arama kurtarma ve sağlık ekibi, sahra hastanesi, ambulans ile 52 keçe çadır, Gaziantep'e gönderildi.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Түркия Республикасындагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жана издөө-куткаруу иштерине катышуу, жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн кошумча 100 кутаруучу, 6 медицина кызматкери, 25 чатыр, 1 чатыр талаа госпиталы, 160 боз үй даярдалган. Алардын ичинен кечээ, 12-февралда, 80 куткаруучу, 3 дарыгер жана 78 боз үй менен боз үй тигүүчүлөр Түркияга жөнөтүлдү, Бул тууралуу Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Түркиянын жер титирөө болгон аймагына Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилиги менен 35 адам, анын ичинде 3 дарыгер, 3 боз үй тигүүчү, куткаруучулар учуп кетишти. Мындан сырткары 49 боз үй, мобилдүү кийиз үй жана медикамент түрүндө гуманитардык жүк, бүгүн, 13-фералда жөнөтүлдү. Эске салсак, буга чейин Кыргызстандан Түркияга жер титирөөнүн эртеси күнү, 7-февралда 67 куткаруучу жана издөө иштерине үйрөтүлгөн 2 ит жөнөтүлгөн.

TuraNews

Back to top button