Спорт
Кыргызстандык жаачылар Өзбекстанда өтчү Азия кубогуна катышат

Кыргызстандын жаа атуу боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ташкентте (Өзбекстан) өтчү Азия кубогуна катышат.
Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мелдеш 30-апрелден 5-майга чейин уланат.
Курама команданын тизмеси:
1. Улукбек Курсанаилев (СЧ);
2. Күлчоро Нурманбетов (СЧТ);
3. Мухаммел-Ислам Алмамбет уулу (СЧТ);
4. Айтурган Маматкулова (СЧ);
5. Жибек Канатбек кызы (СЧ);
6. Диана Канатбек кызы (СЧ);
7. Элиза Тыналиева (СЧ);
Белгилей кетсек, жаа атуу боюнча улуттук курама командасы башкы машыктыруучу Заирбек Бердибаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.