Спорт
Кыргызстандык дзюдочулар AntaIya Grand SIam мелдешине катышат
![](https://turanews.kz/wp-content/uploads/2023/04/judo-kg-antalya-730x470.jpg)
Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Түркияда өтө турган AntaIya Grand SIam мелдешине катышат.
Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы билдиргендей, мелдеш 31-марттан 2-апрелге чейин Анталия шаарында өтөт.
Курама команданын тизмеси:
1. Чыңгызхан Сагыналиев 73 кг;
2. Ратбек Жуманазаров 81 кг;
3. Анарбек Ишенбаев 90 кг:
4. Аскарбек Ишенбаев 73 кг.
Дзюдо боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү улук машыктыруучу Сергей Кладновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.