
Кыргызстандык спортчу Эрбол Абазбеков дзюдо боюнча Kuwait Asian Open – 2023 чемпионатында күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу КР дзюдо федерациясынан билдиришти
Абазбеков 66 кг салмакка чейинки категорияда 2-орунга илинди.
Белгилей кетсек, Азия кубогуна 27 өлкөдөн 150дөн ашык дзюдо чеберлери катышууда. Кыргызстандын атынан 12 спортчу өлкө намысын коргоодо.
Мелдеш 28-29-апрель күндөрү өтүүдө.