Маданият

Кыргызстанда жергиликтүү маданиятты колдоо боюнча чоң программа ишке киргизилет

Кыргызстанда президенттин тапшырмасына ылайык быйыл жергиликтүү маданиятты колдоо боюнча чоң программа ишке киргизилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Бишкек шаарына гастролдоп келген С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын артисттеринин алдында сүйлөп жатып билдирди.

Артисттер күн мурун Кыргыз улуттук академиялык театрынын сахнасында “Кулан” тарыхый драмасын коюшкан. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана министрлер кабинетинин жалпы жамааты көрүүчүлөрдүн катарын толукташкан.

Спектаклден кийин сөз сүйлөгөн Акылбек Жапаро Ош драма театрынын артисттеринин талантына суктанганын билдирди.

“Биздин мамлекет өнүгүүнүн ишенимдүү жолуна түшүп жатат жана азыр биздин алдыбызда маданиятты жандандыруу, Мекенин, эне тилин жана маданиятын сүйгөн кыргызстандыктардын жаңы муунун тарбиялоо милдети турат. Адамдын өзүн-өзү аңдоосун жана өзүнүн күчтүү жактарына болгон ишенимин бекемдөөгө жардам берген турмуштук баалуулуктарды сиңирүү зарыл”, – деди ал.

МинКаб Башчысы ошондой эле чай үстүндө формалдуу эмес шартта театрдын артисттери менен баарлашып, артисттердин жана алардын көркөм жетекчилеринин маселелерин укту.

Маалымат үчүн: Режиссер Назгүл Мырзаканова койгон Айжамал Масылбекованын “Кулан” спектаклинде башкы ролдорду Надира Сарыкова менен Айгалым Алмазбек кызы аткарды, ошондой эле Күкүн Шатманова Күнбүбү Умайдын ролунда Ормон хандын кызынын 19-кылымдын орто чениндеги кыргыз урууларынын араздашуусунан кийин жарашуудагы ролун ойноду.

Source
Kabar

TuraNews

Back to top button