Ал электр энергиясына киргизилген убактылуу чектөөлөрдүн себептери тууралуу айтып берди.
«Токтогул ГЭСинин биринчи агрегаты 1975-жылы ишке берилген экен. Башкача айтканда, дээрлик элүү жылдан бери иштеп келет. Бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Демек, жараксыз абалга кептелген десек болот. Негизги иштөө мөөнөтүнүн кепилдиги 30 жылды түзөт. Ал эми биз 50 жылдан бери тынымсыз жана үзгүлтүксүз колдонуп келе жатабыз. Ошондуктан «Токтогул» ГЭСинин 1-гидроагрегатын 5-марттан тарта реконструкциялоо үчүн токтоттук. Кышка чейин оңдоодон өткөрүп алсак, 60 мегаватт кошулат», — деди ал.
Президенттин айтымында, 2-4-гидроагрегаттары 2022-2023-жылы капиталдык оңдоодон өткөн. Үчүнчү агрегаты кийинки капиталдык оңдоодон өткөрүлөт.
Ошону менен «Токтогул» ГЭСи дагы 40-50 жыл Кыргызстан элине былк этпей кызмат кылып берет. Капиталдык оңдоолордун пайдасынан 240 мегаватт кошумча электр энергиясы кошулат.
Садыр Жапаров
«Үч-Коргон ГЭСи дагы 1962-жылы ишке киргизилгенден бери бир да жолу оңдолгон эмес. ГЭСтин стандарттык иштөө мөөнөтү 30 жыл болсо, анын мөөнөтү 1992-жылы эле аяктаган. ГЭСтин жабдуулары жана гидротехникалык курулуштары эскирип, дээрлик жараксыз абалга келиптир. Ушуга байланыштуу «Үч-Коргон» ГЭСин модернизациялоо дагы өтө маанилүү. 5-марттан баштап «Үч-Коргон» ГЭСинин төртүнчү гидроагрегатын реконструкциялоо үчүн токтотуп жатабыз», — деди Садыр Жапаров.
Президент оңдоо иштерине байланыштуу электростанциялардын учурдагы кубаттуулугу 290 мегаватт-саатка азаярын белгиледи. Мындай кырдаалда энергетика системасындагы тиешелүү болгон 290 мегватт-саат электр энергиясынын тартыштыгы пайда болуп, бул өлкө керектөөчүлөрүнө электр энергиясын пайдаланууга убактылуу чектөөлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыгат.
«Бул иштерди келерки күз-кыш мезгилине даярдык көрүү катары түшүнүү керек. Электр объектисин өчүрүү менен иштер жүргүзүлсө, алдын ала социалдык тармактар жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу элге убактылары жөнүндө маалымат берилет», — деп белгиледи өлкө башчысы.
Президент 30 жылда бир дагы кошумча ГЭС курулбаганын айтты. Ал эми элдин саны эки эсеге жакын өстү. Жыл сайын энергетикалык керектөөлөр өсүп жатат. Үйлөр, мектептер, бала бакчалар жана башка социалдык, инфратүзүмдүк объектилер салынууда жана анын баарына эле ар кыл деңгээлде кошумча электр кубаттуулугу керек экенин кошумчалады.
«Мындан сырткары, кышкысын 3 миллиард киловатт- саат электроэнергиясын кошуна өлкөлөрдөн импорт кылып жатабыз. Суунун башында туруп, электроэнергиясын импорттогонубуз өтө уят нерсе. Муну биз 30 жыл алдын ала эле ойлонуп, намысыбызга келишибиз керек эле. Эң жок дегенде, жылына 50 мегаваттык ГЭСтерди куруп келгенибизде, бүгүн мындай көйгөй жаралбайт эле», — деп айтты президент.
«Азыр мен деле эптеп президенттик убактымды өткөрүп, «көзүм көрбөсө, көчүгүмдү бөрү жесин» деп жатып алсам болот эле. Бирок абийирим жол бербеди. Элге жаман көрүнсөм мейли, бирок баарын иретке келтирип кетейин деп бел байладым. Азыр эми эки жылдан бери 50дөн ашык орто жана чакан ГЭСтерди куруп жатабыз. Он чактысын ишке киргиздик. Калганын 2025-2026-жылдары ишке беребиз. Жакында, ушул айдын аягында, «Бала-Саруу» ГЭСин ишке киргизебиз. Кубаттуулугу 25 мегаватты түзөт. Бул Талас облусун жайды-жайлай электро энергиясы менен камсыз кылат деген сөз», — деп кошумчалады өлкө башчысы.