БашкыЖашоо

Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампания башталат

2022-жылдын 25-ноябрында республика боюнча «Коркпо! Токтот! Жаша!» девизи астында гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампания старт алат. Кампаниянын башталышы тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов министрлер кабинетине караштуу Гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди.

«25-ноябрда дүйнө жүзү боюнча гендердик зомбулукка каршы 16 активдүү аракеттердин 16 күндүк өнөктүгү башталат. Бул глобалдык демилге, ошондой эле гендердик зомбулукка каршы күрөш маселеси камтылган күн тартиби да мамлекет тарабынан колдоого алынат. Биздин өлкөдө БУУ агенттиктеринин, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, жарандык коомдун колдоосу менен кампания «Коркпо! Токтот! Жаша!» урааны астында өтөт», – деди ал.

Kabar

Акциянын негизги максаты – коомдун үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукка каршы аракеттерин жогорулатуу, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чаралар аркылуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу, бул көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн буруу.

Source
Kabar

TuraNews

Back to top button