Экономика

Кыргызстанда бир жылда баалар жана тарифтер 14,7 пайызга жогорулады

2022-жылдын январь-декабрь айларында (2021-жылдын декабрь айына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтеринин жалпы республика боюнча өсүшү 14,7 пайызды түздү. Мында баалар алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки азыктарына – 24,4 пайызга, тамак-аш азыктары, Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети билдирет.

2022-жылдын январь-декабрь айларында өнөр жай продукцияларынын көлөмү 426 миллиард сомго жакындады жана негизги металлдарды (21,5 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарын чыгаруунун, полиграфиялык ишмердиктин (27,0 пайызга), мунай азыктарын (12,3 пайызга), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн (11,1 пайызга), текстиль өндүрүшүнүн, кийим жана бут кийим, булгаары жана булгаары буюмдарын өндүрүүнүн (7,2 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казуунун (8,2 пайызга) көлөмүнүн өсүшүнүн эсебинен 2021-жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу 11,4 пайызга көбөйдү.

Курулушта оң тенденциялар байкалды, мында көлөмдүн көбөйүшү – 8,0 пайызды, айыл чарбасында – 7,3 пайызды, дүң жана чекене соодада 7,5 пайызды түздү жана алкоголсуз суусундуктарга – 15,8 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга – 12,7 пайызга, ал эми калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери 9,1 пайызга өстү.

 

TuraNews

Back to top button