Башкы

Кыргызстан Түркияга дагы 100 куткаруучу жөнөтүүгө ниеттенүүдө

Кыргызстан Түркиянын жер титирөөдөн жабыркаган аймактарына дагы 100 куткаруучу жөнөтүүгө ниеттенүүдө. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка ылайык, учурда жөнөтүү боюнча уюштуруу иштери жүрүп жатат.

Буга чейин Түркиянын Кахраманмараш шаарына ӨКМдин 67 кызматкери жөнөтүлгөн.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 14 миң 014 адам, жабыркагандардын саны 63 миң 764 адамды түзгөндүгү кабарланууда.

TuraNews

Back to top button