Экономика
Кыргызстан бал продукциясын Кытайга экспорттоого расмий уруксат алды

Үстүбүздөгү жылдын 14-ноябрында бал жана бал продукциясын Кытайга экспорттоого расмий уруксат берилди. Бул тууралуу Кыргызстан Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, министрликке караштуу ветеринария кызматынын жана Кытайдын ветеринардык-санитардык 5G сертификатын алган компаниялар гана продукцияларын экспорттой алат.
Эскерте кетсек, 2019-жылы Кытайга балды жана бал продукциясын экспорттоо пандемияга байланыштуу токтоп калган.