Жашоо

“Кыргыз темир жолунун” кызматкерлери үчүн жаңы форма киргизилди

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери үчүн жаңы форма киргизилди. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүнчү поезддердин узатуучулары салттуу түрдө темир жолдун жүзү болуп эсептелет, алардын сырткы көрүнүшүнөн темир жолдун аброю көп жагынан көз каранды. Ошондуктан, ишкана кыймылдуу курамды толуктоого гана эмес, кызматкерлердин формасын жакшыртуунун үстүндө иш алып барат.

“Буга байланыштуу компания кышкы, жайкы жана сезондук комплекттерди камтыган формалардын жаңы дизайнын киргизүүдө. Узатуучунун формасы кооз жана стилдүү гана эмес, ыңгайлуу да келет”, – деп айтылат маалыматта.

TuraNews

Back to top button