Башкы

Кубанычбек Өмүралиев ТМУ жаңы Башкы катчысы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Өмүралиев Түрк мамлекеттер уюмунун жаңы Башкы катчысы боллу.

2022-жылдын 11-ноябрында Самарканд шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, анын жүрүшүндө учурдагы Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев уюмдун жаңы Башкы катчысы болуп дайындалды,  Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчигинин басма сөз кызматы билдирет.

Буга чейин Элчи Өмүралиев Кыргызстандын Беларустагы, Эстониядагы, Латвиядагы, Литвадагы, Түркиядагы жана Израилдеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигиндеги Туруктуу Өкүлү болуп иштеген, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ар кандай бөлүмдөрүндө жана башка мамлекеттик жана коомдук түзүмдөрдө жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Элчи Өмүралиев “2021-жылдын эң ийгиликтүү Элчиси” сыйлыгы, ТҮРКСОЙдун “Чыңгыз Айтматов” медалы, “Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгы” юбилейлик медалы, Ч.Айтматов эл аралык клубунун төш белгиси, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Ардак грамотасы жана Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланган.

2022-жылдын 14-ноябрында Стамбулдагы ТМУнун баш кеңсесинде Кубанычбек Өмүралиевге Башкы катчы кызматын өткөрүп берүү аземи болот.

TuraNews

Back to top button