КР хоккей командасы III дивизиондун командалары арасында дүйнө чемпиондугун жеңип алды

Кыргызстандын хоккей курама командасы III дивизиондун (В тобу) командалары арасындагы дүйнө чемпиондугун жеңип алды. Бул тууралуу КР Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Жыйынтыктоочу оюнда кыргызстандык спортчулар Гонконгду 12:2 эсеби менен жеңишти. Бул алардын кийинки жылы өтүүчү үчүнчү дивизиондун А тобуга чыгууга мумкүндүк берди. Беш раунддун жыйынтыгы менен Кыргызстандын командасы мүмкүн болгон 15 упайдан 15 упайга ээ болду. Жалпысынан КР командасы 76 гол киргизип, 5 гол өткөрүп жиберген.
Белгилей кетсек, турнир 27-февралдан 5-мартка чейин Босния-Герцеговинада өтүп, бир айлампада беттешкен 6 команда катышкан. Ар бир команда 5 оюн өткөрдү.
Эскерте кетсек, өткөн жылы КР хоккей курама командасы төртүнчү дивизиондун командалары арасында дүйнө чемпиондугун жеңип алган.