Дүйнө

Казакстандын аскердик доктринасы жаңыланды

Казакстандын аскердик доктринасы жаңыланды.

Президент Касым Жомарт Токаев аскердик доктринага өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган жарлыкка кол койду.

Казакстандын Коргоо министрлиги тараткан билдирүүдө президент Токаевдин 2021-жылы коомчулукка кайрылуусунда өлкөнүн аскердик доктринасын жаңыртуу тапшырмасын бергени эскертилген.

Билдирүүдө,«Президент коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо жана коркунучтарга жооп кайтарууну тездетүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттары болушу керектигин баса белгиледи»,-деп айтылат.

Билдирүүдө коопсуздукка таасир эткен заманбап факторлордун жаңыланган аскердик доктринада эске алынганы белгиленип: «Куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн дараметин жогорулатуу үчүн атайын операциялык күчтөрдү өнүктүрүү пландаштырылууда. Мындан тышкары, доктрина мамлекеттин жаңы коркунучтарга жана тобокелдиктерге адекваттуу жооп кайтаруу үчүн аскердик потенциалын жогорулатат»,деген баалоо камтылган.

Билдирүүдө өлкөнүн жаңыланган аскердик доктринасы президенттин кол коюусу менен күчүнө киргени белгиленген.

Source
TRT

TuraNews

Back to top button