Башкы

Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан Камбар – Ата ГЭСин биргелешип куруу боюнча макулдашты

Кечээ 6-январда Кыргызстандын Энергетика министрлигинде Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын энергетика министрлеринин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында тараптар «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруунун жол картасын иштеп чыгуу боюнча биргелешкен талкуу өткөрүштү. Тактап айтканда, долбоорду ишке ашыруудан биринчи үч өлкөгө тең калыс жана пайдалуу болуусуна басым жасалды. Андан соң тараптар «Камбар-Ата-1» ГЭСтин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасынын макулдашуусуна кол коюшту.

«Камбар-Ата-1» ГЭСтин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасына Кыргызстандын энергетика министри Ибраев Таалайбек Өмүкеевич, Казакстандын энергетика министри Акчулаков Болат Уралович, Өзбекстандын энергетика министри Мирзамахмудов Журабек Турсунпулатович колду койду.

Маалыматка ылайык, «Камбар-Ата-1» ГЭСди ишке киргизүүнүн болжолдуу мөөнөтү техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыккандан кийин аныкталат. Бирок КРнын энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында «Камбар-Ата-1» ГЭСди курууга болгон даярдыктар башталды.

«Камбар-Ата-1» ГЭСти куруу коңшу үч өлкө үчүн пайдалуу, өзгөчө Кыргызстан үчүн десек болот. Себеби, биздин өлкө электр энергиясын импорттогон эмес, экспорттогон өлкөгө айланышы керек. Эгерде биз коңшу өлкөлөр менен биргеликте «Камбар-Ата-1» ГЭСти куруп алсак, биздин мамлекетте бир топ электр энергиясына болгон тартыштык жоюлат. Бүгүн биз «Камбар-Ата-1» ГЭСин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасына кол койдук. “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга даярдык иштери, жол, көпүрө салуу, электр линияларын тартуу, куруу аянтчалары даярдалууда. Анын кубаттуулугу 1860 МВт”, – дейт министр

Ал эми Өзбекстан менен Казакстандын делегациялары биргелешкен ишкана түзүүнү толук колдой тургандыктарын билдиришти.

TuraNews

Back to top button