Жер титирөөлөрдөн каза болгондордун саны 14 миңден ашты
Кыйраган 6 миң 444 имараттын урандыларында издөө-куткаруу иштери уланууда.
Очогу Кахраманмараш болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдөн каза тапкандардын саны 14 миң 351ге жетти.
Вице-президент Фуат Октай, 6-февралдагы жер титирөөлөрдөн зыян тарткан аймактарда каза болгондордун саны 14 миң 351ге, жаракат алгандардын саны 63 миң 794кө жеткенин билдирди.
Кыйраган 6 миң 444 имараттын урандыларында издөө-куткаруу иштери уланууда.
Издөө-куткаруу топтору менен бирге аймакта 113 миң 201 кызматкер иштеп жатат.
Аймакка жөнөтүлгөн 94 миңден ашуун чатырдын 73 миң 11и тигилди.
Ошондой эле 95 мобилдик ашкана, 79 тамак берүүчү унаа, 1 ашкана, 4 мобилдик меш, 39 көчмө ашкана, 1 контейнер ашкана жана 86 кызматтык унаа жөнөтүлдү.
AFAD бүгүн саат 11.38ге карата жер титирөөдөн жабыркаган облустардан кургактык, темир жол жана аба жолдору менен 28 миң 44 кишинин эвакуацияланганын билдирди.