Башкы

Жер титирөөлөрдөн каза болгондордун саны 12 миңден ашты

Кыйраган 6 миң 444 имараттын урандыларында издөө-куткаруу иштери уланууда.

Түркиянын Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу төрагалыгы, 6-февралдагы жер титирөөлөрдөн каза болгондордун саны 12 миң 873кө жеткенин билдирди.

Маалыматка ылайык, ал эми табият кырсыгынан жабыркагандардын саны 62 миң 914 адамды түздү.

Кыйраган 6 миң 444 имараттын урандыларында издөө-куткаруу иштери уланууда.

Издөө-куткаруу топтору менен бирге аймакта 113 миң 201 кызматкер иштеп жатат.

Аймакка жөнөтүлгөн 94 миңден ашуун чатырдын 73 миң 11и тигилди.

Ошондой эле 95 мобилдик ашкана, 79 тамак берүүчү унаа, 1 ашкана, 4 мобилдик меш, 39 көчмө ашкана, 1 контейнер ашкана жана 86 кызматтык унаа жөнөтүлдү.

Source
TRT Net

TuraNews

Back to top button