Маданият

Ибраимов атындагы Ош драма театры түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгын белгиледи

Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында театрдын түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын алкагында көрүүчүлөргө мыкты спектаклдердин үзүндүлөрүнөн турган кеңири чыгармачылык программа тартууланды.

Театрдын жамаатын Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов куттуктап, бул маданий мурастын жаш муундарды тарбиялоодо, шаардын маданий турмушун өнүктүрүүдө мааниси зор экенин белгиледи. Иш-чаранын жүрүшүндө өзгөчөлөнгөн театр ишмерлери Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Ошондой эле театр кызматкерлерин президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Ош шаардык Кеңешинин депутаттары, коомдук жана маданий ишмерлер куттукташты.

Source
Kabar.kg

TuraNews

Back to top button