БашкыЖашоо

Геннадий Базаров дүйнө салды

Белгилүү кинорежиссер 80 жашта болчу

Белгилүү кыргыз кинорежиссеру Геннадий Базаров каза болду. Ал 80 жашта болгон.

Базаров Геннадий Садырович (14-май 1942, Ат-Башы району, Ат-Башы айылы — 5-февраль 2023) — кинорежиссёр, сценарист.

Кыргыз Республикасынын эл артисти (1991), искусствого эмгек сиңирген ишмер (1974). 1966-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүткөн.

Эмгек жолун 1959-жылы “Кыргызфильм” киностудиясында баштаган. Адегенде жумушчу, оператордун ассистенти, кийинчерээк режиссердун ассистенти болгон. Окуп жүргөндө кыска метраждуу “Намаз окуу” жана “Тыныгуу” аттуу киноновелла тарткан. 1967-жылы “Саманчы жолу” (сценарийин жазгандар; Ч. Айтматов, Б. Добродеев, И. Галанкин) фильмин дипломдук иши катары тасмага түшүрөт. “Буктурма” (1966; X. Булатов, Дегальцев, А. Шаршенова), “Көчө” (1973; М. Гапаров), “Биринчи” (1984; Г. Базаров, Л. Дядюченко), “Көз кареги” (1975; Л. Дядюченко) кинотасмаларды, “Бойго жеткендер үчүн баш калкалоочу жай” (1986), “Айың” (1989), “Аномалия” (1991) көркөм фильмдерди жана “Антракт” (1994), “Түндө” (1995) кыска метраждуу новеллапарды, документ фильмдерден “Искусство жөнүндө баян” (1974). “Жазуучу” (1980), “Чыңгыз Айтматов” (1980) жана башка тарткан. Маданият жана искусствонун ишмерлери А. Токомбаева, Н. Байтемиров, А. Темирова, Г. Ажыбекова жана башка жөнүндө кинопортреттердин галереясын түзгөн. “Прикосновение к личности” (1986), “Пауза для размышления” (1985), “Гримаса” деген повесттери чыккан, Акыркы жылдарда Кыргыз телерадио компаниясында иштеп, автордук “Альтернатива” программасын алып барган. “Ардак Белгиси” ордени жана медалдар менен сыйланган.

TuraNews

Back to top button