
Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетинин 7 жылдыгы өлкө боюнча түрдүү иш-чаралар менен белгиленди.
Баш калаа Анкарада «демократия күзөтү» өткөрүлдү. Жандармериянын башкы командирлигинин Мехтеран тобу да майрамдан улам концерт берди. 15-июль Демократия музейи төңкөрүш аракетинин 7 жылдыгынан улам ар түрдүү курактагы көптөгөн жарандарды кабыл алды.
Стамбулда Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы тарабынан, 15-июль Демократия жана Улуттук Биримдик күнүнүн алкагында шаардын көп жерлеринде орнотулган экрандарда 15-июль күрөшүнүн баатырларынын окуялары жарандарга баяндалды. Галата мунарасында жана Хайдарпаша вокзалында 15-июль үчүн атайын видео карта көрсөтүүсү өткөрүлдү.
Измирде да Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы тарабынан, 15-июль Демократия жана Улуттук Биримдик күнү иш-чараларынын алкагында 3D LED мунарасында видео көрсөтүлүп, көргөзмө ачылды.
Ал ортодо ФЕТӨнүн 2016-жылдын 15-июлундагы чыккынчылык төңкөрүш аракетинде биримдиктин жана ынтымактын символу болгон салаваттар кечээ түнү саат 00:13төн тарта өлкө боюнча мечиттерде кайрадан окулду.