
Эртең, 1-июнда, “Сейтек” улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата «Бактылуу балалык – Счастливое детство» республикалык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.
Иш-чарага билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев катышып, көргөзмөдөгү балдардын чыгармачылыгы жана мастер-класстардын иши менен таанышат.
Андан соң министр Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде балдардын сүрөттөрүнүн эл аралык көргөзмөсүнүн ачылышына катышат.
Иш-чарага Франция, Казакстан, Өзбекстан жана Армениянын элчилери да чакырылган.