Жашоо
Бишкектин айрым райондорунда 18-апрелде суу болбойт

Бишкектин айрым райондорунда 18-апрелде суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.
Маалыматка ылайык, 18-апрелде саат 9:00дөн 21:00гө чейин “Батыш” суу топтомунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө байланыштуу төмөнкү көчөлөр менен чектешкен аймактарда суу өчүрүлөт:
- Алыкулов көчөсү – БЧК – Ала-Арча дарыясы – Л. Толстой көчөсү;
- Юбилейная көчөсү – Горький көчөсү (Прогородное айылы) – Садовая көчөсү (Прогородное айылы) – ЧЧК.
Ошондой эле “Аскер шаарчасы”, “Кызыл Аскер” жаңы конушу, 110 квартал, Достук кичирайонунда дагы суу болбойт.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана сууну алдын ала камдап алууларын суранат.