Маданият
Бишкекте манасчылардын симпозиуму өттү

Бишкек шаарындагы “Айчүрөк” кыз-келиндер лицейинде манасчылардын симпозиуму өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбековдун демилгеси менен Свердлов районунун акимчилиги тарабынан Свердлов райондук билим берүү борбору менен биргеликте өткөрүлдү.
Иш-чарада Свердлов районунун мектептеринин окуучулары жана бала бакчалардын тарбиялануучулары “Манас” эпосунан театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүшүп, “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү айтышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Свердлов районунун башчысы бардык уюштуруучуларга, катышуучуларга ыраазычылык билдирип, өзгөчөлөнгөн мугалимдерге муниципалдык администрациянын Ардак грамоталарын жана Ыраазычылык баракчаларын тапшырды.