Жашоо

Бишкекте Кыргызстандын жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишканалары катышкан өнөр жай көргөзмөсү өтөт

Бишкекте EXPO EURASIA – KYRGYZSTAN 2023 эл аралык универсалдуу өнөр жай көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көргөзмө 29-мартта Бишкектеги Чокан Валиханов 2 дарегинде жайгашкан “АЮ-Гранд” соода борборунда өтөт. Башталышы саат 11:00. Көргөзмөгө Кыргызстандын жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишканалары катышары күтүлүүдө.

Көргөзмөнүн тематикасы:

– кайра иштетүү жана жеңил өнөр жай продукциялары;
– транспорт жана логистика;
– банктар жана камсыздандыруу компаниялары;
– айыл чарба техникасы;
– энергия;
– эмерек;
– бал жана бал азыктары;
– сүт азыктары.

Ошондой эле көргөзмөнүн алкагында сыр фестивалы жана балдын көргөзмөсү («Apiary 2023») өтөт.

Көргөзмөнүн максаты – ички жана тышкы рынокто жогорку сапаттагы ата мекендик жана чет элдик продукцияларды жана кызматтарды жайылтуу. Ишканалардын жана Евразиянын өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык, илимий-техникалык жана маданий өз ара байланышты өнүктүрүү.

Source
Kabar

TuraNews

Back to top button