
Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 27нен 29-октябрга чейинки аралыкта эл аралык универсалдуу “Кыргызстан ЕХРО – 2023” көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Аянтча саат 09:00дөн 18:00гө чейин ачык болот.
Көргөзмөдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- жеңил өнөр жай товарлары;
- айыл чарба азыктары;
- бал, балдан жасалган азыктар;
- айыл чарба техникалары;
- минералдык жер семирткичтер;
- ошондой эле энергетика, транспорт, логистика, каржы жана камсыздоо, туризм жана башка товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр сунушталат.
Көргөзмөнүн жыйынтыгында катышуучулардын бардыгы сыйланат.