БашкыЖашоо

Бир аптада 136 кыргызстандык Орусиядан чыгарылды

Өткөн аптада 136 кыргызстандык миграциялык мыйзамдарды сактабаганы үчүн Орусиядан чыгарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Кубандык Акматбеков  билдирди.

Ал Сахарово айылындагы убактылуу кармоочу жайында ушундай эле негизде жүздөй кыргызстандык кармалып турганын кошумчалады.

«Буга чейин Сахарово айылындагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайда кыргызстандыктар узагыраак кармалып жатат деген маалымат чыккан. Биз жума сайын барып, кимдер, эмне себептен кармалганын тактап турабыз. Андай маалымат туура эмес экенин көрдүк. Ал жерде дайыма эле 100дөй Кыргызстандын жараны болот. Кээде азаят, кээде көбөйөт. Биз барып кеткенден кийин же өздөрүнүн пландуу иштериби, кыска убакыттын ичинде убактысы келген 136 адамды өлкөдөн чыгарыптыр. Бул күнүмдүк болуп жаткан жараян. Азыркы учурда дагы жүзгө чукул кыргызстандык ошол жайда жатат», — деди миграциялык өкүлчүлүктүн жетекчиси.

Акматбеков кыргызстандык мигранттардын арасында Орусияда алты айлап, бир жылдап документтерин толуктабай, каттоого турбай жүргөндөр бар экенин кошумчалады.

Социалдык тармактарда Орусиядан бир жумада эле кеминде 140тай киши депортация болгонун, 60тай жаран Москвадагы кафелердин биринде ооз ачып жаткан учурда кармалганын жазышкан. Акматбеков соңку кармоолор тууралуу маалымат бар экенин белгилеп, алардын саны Кыргызстандын Москвадагы элчилиги менен бирге такталып жатканын айтты.

TuraNews

Back to top button