Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Казакстандагы Азия чемпионатында жалпы төрт медал жеңди.
Астана шаарында 13-14-апрелде эркин күрөш боюнча таймаш өтүп, кыргыз балбандары бир алтын, бир күмүш жана эки коло медалга ээ болушту:
1-орун — Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг);
2-орун — Алмаз Сманбеков (57 кг);
3-орун — Орозобек Токтомамбетов (70 кг);
3-орун — Улукбек Жолдошбеков (65 кг).
Ал эми жалпы командалык көрсөткүчтө Кыргызстан алтынчы орунга илинди.
Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өттү.