БашкыСпорт

Айсулуу Тыныбекова Азиянын беш жолку чемпиону болду!

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды.

Тыныбекова 62 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышты. Ал алгач өзбекстандык Дильфуза Аимбетованы 4:0 эсебинде утуп, жарым финалга көтөрүлдү. Анда кыргыз кызы япониялык Нонока Озакиге каршы килемге чыкты. Тыныбекова кармаш башталганда эки упай ала алды, бирок Озаки акырындык менен эсепти 2:2ге айлантканга үлгүрдү. Бирок кыргыз спортчусу эки упайлык ыкма жасагандыгы үчүн жеңиш ага берилди.

Алтын үчүн кармашта Тыныбекова монголиялык Орхон Пуревдорж менен күрөшүп, жеңишти 9:5 эсебинде илип кетти.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова 2016-жылы, 2017-жылы, 2019-жылы жана 2021-жылы Азия чемпионатында алтын байге алган.

Аталган мелдеште грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов (77 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг) жана Акылбек Талантбеков (82 кг) алтын, Үзүр Жузупбеков (97 кг) күмүш, Роман Ким (130 кг) Раззак Бейшекеев (67 кг) жана Адилхан Нурланбеков (72 кг) коло медаль багындырса, кыз-келиндер күрөшү боюнча Айпери Медет кызы (76 кг) күмүш, Калмира Билимбекова (59 кг) коло медаль тагынды.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.

Source
Kabar

TuraNews

Back to top button