Башкы

7-апрелде курман болгондор эскерилди

Кыргызстанда 2010-жылдын 7-апрель окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы Бишкек шаарындагы «Ата-Бейит» мемориалдык-музей комплексинде өткөрүлдү.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-апрелде, Апрель элдик революциясында курман болгондорду эскерди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде өткөн иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасы — КП президентинин администрациясынын аетекчиси Акылбек Жапаров, экс-президент Сооронбай Жээнбеков, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Замир кары Ракиев, эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиевдер катышты.

Алар 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын Мемориалдарына гүл коюп, курман болгондорго багыштап куран окуп, эскеришти.

Эске сала кетсек, 2010-жылдагы революция, алгач Талас облусунун калкынын өлкө жетекчилерине болгон нааразычылыгынан улам башталып, ал убактагы Президент Курманбек Бакиевдин бийлиги оппазициячыл саясий партиянын лидерлерин камоосунун натыйжасында күч алган. Эл өкүлдөрүнүн камактан чыгуусу үчүн пикетке чыккан калкты күч менен токтоткон милиция кызматкерлери, калкка каршы курал колдонушкан. Ага да болбогон калк, күч органдарынын колундагы куралдарды алып, Ак үйгө багыт алган. Ал жакта снайпердин огуна дуушар болгон элдин ичинен жүздөйү окко учуп, 500гө жакыны жарадар болгон.

 

Source
TRT Avaz

TuraNews

Back to top button