БашкыЭкономика

1-майдан тарта электр энергиясына болгон баа бир сомго көтөрүлөт

Ушул жылдын 1-майынан тарта калк үчүн электр энергиясына болгон баа 23 тыйынга кымбаттап, 1 сомду түзөт. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Чечимге ылайык:

– электр энергиясын керектөө 700 кВт сааттан ашкан учурда тариф мурдагы деңгээлде – кВт/саат үчүн 2,16 сом бойдон калат.

– аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана жарандар үчүн тариф дагы мурдагы деңгээлде сакталып, 1 кВт/саат үчүн 50 тыйынды түзөт.

– калк үчүн электр энергиясын чектөөсүз (лимитсиз) колдонуудагы тариф кВт/саат үчүн 5,04 сомдун ордуна 3,28 сомго чейин төмөндөтүлдү.

“Тарифтик саясатка киргизилген өзгөртүүлөр зарыл чара болуп саналат. Бул совет доорунан калган эскирген электр жабдууларын жаңылоого мүмкүнчүлүк берет. Иштеп жаткан ЖЭБди жана ГЭСтерди реконструкциялоого жана модернизациялоого карабастан, энергетикалык жабдуулардын эскириши учурда 80%дан ашыкты түзөт.

Тарифтерди жогорулатуунун натыйжасында алынган каражаттар эскирген жабдууларды жаңылоого жумшалат.

Бул өз кезегинде энергетикалык объектилердеги мүмкүн болуучу авариялардын жана системадагы өчүрүүлөрдү алдын алат”, – деп белгилейт министрлер кабинети.

TuraNews

Back to top button