Дүйнө

Орусия менен Кытайдан биргелешкен күзөт

Орусия жана Кытай, өткөн аптада Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Аляска штатына жакын эл аралык сууларда биргелешкен аскердик күзөт жүргүзгөндүгү жарыяланды.

The Wall Street Journal (WSJ) гезитинин кабарына караганда, АКШнын Түндүк күчтөрү командирлиги (NORTHCOM) Кытай жана Орусияга таандык патрулдун эл аралык сууларда калганын жана АКШ тарабынан коркунуч катары каралбаганын жарыялады.

WSJ америкалык расмий өкүлгө шилтеме жасап, Аляскага жакын жердеги эл аралык сууларда жүргүзүлгөн патруль учурунда Кытай жана Орусияга таандык 11 кемеден турган флоттун АКШнын 4 эсминеци жана 1 «P-8 Poseidon» үлгүсүндөгү деңиз кайгуул учагы тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынганын билдирди.

Бул тууралуу Кытайдын Вашингтондогу элчилигинин билдирүүсүндө,«Бул иш-аракет эч кандай үчүнчү тарапка багытталган эмес»,делди.

Орусиянын Коргоо министрлиги да Кытай менен биргелешкен күзөттү тастыктады.

АКШнын Индо-Тынч океан(INDO-PACOM)  күчтөрүнүн командири, адмирал Жон Аквилино, өткөн айда Аспен коопсуздук форумунда, «(Кытай менен Орусиянын биргелешкен) машыгуулары жана операциялары көбөйдү. Мен алардын кызматташтыгы күчөйт деп ойлойм жана бул тынчсыздандырат»,-деп айткан болчу.

Source
TRT

TuraNews

Back to top button