Ошто кыргыз-казак айтышы өтөт. Тандоо турунан өткөн акындардын тизмеси
30-31-августта Ош шаарында өтө турган XVI Эл аралык кыргыз-казак кош байге айтышынын тандоо туру өтүп, 8 төкмө акын тандалып алынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, айтыш Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө жана алгачкы агартуучу, ойчул, жазгыч акын Молдо Нияз Эрназар уулуну 200 жылдыгына арналып уюштурулууда. Тандоо турунан төмөнку төкмө акындар тандалып алынды:
1. Азамат Болгонбаев 70 упай;
2. Кубат Тукешов 70 упай;
3. Кутман Садыбакасов 70 упай;
4. Акмат Султан уулу – 69 упай;
5. Асылбек Маратов – 69 упай;
6. Баян Акматов – 69 упай;
7. Изат Айдаркулова – 69 упай;
8. Чыңгызхан Кожошов 68 упай.
Жалпысынан республика боюнча тандоо туруна 37 төкмө акын катышты. Чыңгызхан Кожошов, Тынарбек Бураев жана Элмирбек Иманалиевтердин упайлары тең чыгып, айтыштын жобосу боюнча жашы улуусу кийинки турга жолдомо алды.
Белгиленгендей, айтыш 30-31-августта С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Казакстан, Өзбекстан, Монголиядан келген акындардын катышуусунда өтөт.