Бүгүн, 15-апрелде Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде “Сайма – 2023” кароо-сынак фестивалы өтүүдө.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чара “Кийиз дүйнө” коомдук фонду тарабынан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулду.
Салтанаттуу иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов катышып, фестивалдын уюштуруучуларын куттуктады жана фестивалга татыктуу салым кошуп, кыргыздын байыртан бери келе жаткан сайма өнөрүн аздектеген алдыңкы уз-чеберлерге “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин тапшырды.
Министр өз сөзүндө “Кийиз дүйнө” коомдук фондунун иш-аракеттери колдоого жана баалоого татыктуу экенин белгиледи.
“Кийиз дүйнө” коомдук фондунун директору Айдай Асангулова иш-чараны уюштурууну колдоого алган Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине ыраазычылык билдирип, фестивалдын максаты салттуу билимдин сап башында турган сайма өнөрүн кайрадан жандандыруу , баалуулугун артыруу, бул өнөрдү алып жүргөн кол өнөрчүлөрдү шыктандыруу экенин билгиледи.
Маалымат үчүн: Бекитилген жобого ылайык, “Сайма – 2023” кароо-сынак фестивалына өлкөнүн бардык аймактарынан керме сайма сайганды билген каалоочулар катышат.
Кароо-сынак эки багытта өткөрүлөт:
1-багыт: “Сайма чемпионаты – 2023”;
2-багыт: “Мыкты белдемчи” сынагы.
“Сайма чемпионаты – 2023” катышуучулары жаш курагына жараша эки топко бөлөт:
1-топ: 17 жашка чейинки мектеп окуучулары арасында;
2-топ: 18 жаштан жогорку катышуучулар арасында.
Уюштуруу комитети тарабынан ар бир багытка, ар бир топко өз-өзүнчө шарттар, талаптар коюлуп, баалоо критерийлер эки башка деңгээлде каралат.
Жеңүүчүлөр диплом, акчалай сыйлыктар менен сыйланат. Иш-чара саймачылардын мастер-класстары, «Шедевр белдемчи» аукциону жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, интерактивдик оюндар менен коштолот.
Эске салсак элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бул түрүн унуткарбай, мурас катары сактап калуу аракетинде 2021-жылы өткөн сайма чемпионатында 500гө жакын саймачылардын башын бириктирген. Ал эми, 2023-жылы өтө турчу маданий саамалыктын форматы кеңейтилип, жыл сайын өтүүчү фестивалга айланууда. Мындай кадам элдик кол өнөрчүлүктү сактоого жана даңазалоо карата жасалып жаткан аракеттердин бири катары саналат.