Ден соолук
Кыргызстанда бир жумада коронавирустун 17 учуру катталды
Кыргызстанда 3-апрелден 10-апрелге чейин коронавирустун 17 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирет.
Маалыматка ылайык, 17 адамдын 10у ооруканага жаткырылган.
“Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү саны бирден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат”, – деп айтылат билдирүүдө.
2022-жылы жана 2023-жылдын 101 күнүндө жалпысынан COVID-19 коронавирустук инфекциясынын 22 миң 101 учуру катталды.