Башкы

Кыргызстанда Орозо 23-мартта башталат

Кыргызстанда Орозо айы быйыл 23-мартта башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү токтомду Аалымдар кеңеши кабыл алган. Жогоруда көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмалануусу мүмкүн.

Бир жылда отуз күн орозо кармоо, тагыраак айтканда, күн бою наар тартпай жүрүү – Ислам дининдеги негизги беш парздын бири.

TuraNews

Back to top button